super.kg logo
  Саясат  

Текебаев: "Атамбаев, бир жылың бар, эркек болсоң мародёрлорду тап!"

 

"Атамбаев, бир жылың бар, эркек болсоң мародёрлорду тап!" - деп Жогорку Кеңештеги "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев "Ыңгайсыз суроолор" программасында президентке кайрылуу жасады.

Эфирде бийликтин Конституцияны өзгөртүү демилгеси талкууланып жаткан. Анда Текебаевдин оппоненти катары КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов болгон. "Эгер иш бир эле Иса Өмүркуловдо болсо, абдан жакшы болмок беле. Бул киши диалогго даяр, бирок бул процесстин башка дагы маанилүү катышуучулары бар. Алар диалогго таптакыр даяр эмес. Кирпи чечендей болуп эле “сен эл саткычсың, сен сасыксың, сен бузукусуң, сенин оюң бузук” деп турат. Өзү эле эмес, президенттик аппарат башчысы Фарид Ниязов да ушинтип турат. Алардын сүйлөшөйүн деген ою жок. Эгер алар сүйлөшпөсө, анда Иса экөөбүз сүйлөшкөндөн кандай пайда?" - деди Текебаев.

Андан соң ал Атамбаевдин 31-августта Эгемендүүлүк күнүндө "Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү мародёрлорлукка жооп бериш керек" дегенине төмөнкүдөй жооп берди:

"Мародёрлорду таппайбы. Дагы бир жылы бар. Мародёрлорду жакшы издеп чыкса, өзүнүн партиясынан чыгат. Эгер таба албаса, мен жетелеп алып барып көрсөтөм. Мен кайрылат элем: “Атамбаев, мен, Текебаев, эч жакка качпайм. Бир жылың бар. Тап! Таппасаң, мөөнөтүң бүткөндөн кийин сени менен өзүм сүйлөшөм. Эркек болсоң, тап. Мен, Текебаев, эркекмин, эч жакка качпайм!” - деди "Ата Мекендин" лидери.






Текебаев: "Атамбаев, бир жылың бар. Эркек болсоң мародерлорду тап!"

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 12 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: