Калкка кызмат көрсөтүүчү социалдык мекемелер оңдоого муктаж
“Каражаттын тартыштыгына байланыштуу өлкөдө калкка кызмат көрсөтүүчү социалдык мекемелердин абалы начар”. Мындай билдирүүнү 12-апрелде өкмөттүн кеңейтилген жыйынында КРнын Социалдык өнүктүрүү министри Кылычбек Султанов айтты. Анын айтымында, быйылкы бекитилген бюджетте социалдык тармактагы мекемелерди капиталдык оңдоого каражат каралган эмес. “Нарын жана Жайыл райондор аралык медициналык-социалдык эксперттик комиссиялары абдан эски имаратта жайгашкан. Жалпы республика боюнча МСЭКтеги жабдуулардын эскилиги жетип бүткөн. Мындан тышкары жер-жерлердеги айрым социалдык коргоо башкармалыктарынын имараттарына капиталдык оңдоолор талап кылынууда”,- деди министр.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
22:54
2025-11-18
22:40
2025-11-18
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















