super.kg logo
  Саясат  

Оштун мэри Кадырбаев: "Атамбаевди сындагандарды Кудай жазаласын!"

 

Бүгүн, 12-сентябрда саат 8:00дө Ош шаарындагы борбордук аянтта Курман айт намазы окулду. Ага Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев, президенттик аппараттын жетекчисинин биринчи орун басары Аалы Карашев, КРнын өкмөтүнүн Ош облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Таалайбек Сарыбашов, Ош шаардык кеңешинин төрагасы Жапарбек Ормонов жана 10 миңден ашуун шаар тургундары катышты. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы кабарлады.

“Баарыңыздарды Курман айт майрамы менен куттуктайм! Бул күн бардык араздашкандар жарашып, касташкандар достошо турган күн. Курман айт майрамы Жараткандын берекеси жааган күн экендиги Куранда айтылып келет. Ошондуктан баарыбыз Айт намазын окуу менен бирге Жаратуучудан Кыргыз мамлекетине, анын ичинде Ош шаарына береке, тынчтык жана ынтымак тилейли”, - деди
А.Кадырбаев.

Мындан тышкары Оштун мэри мамлекет башчыны сындагандар тууралуу пикирин айтты. "Президентибиздин жаңылануу саясатын сындагандарды, эл арасында бузукулук кылып
бөлүп-жаргандарды Кудайга койдум, аларды Кудай жазаласын!"
- деди мэр.

Андан соң жалпы Курман айт намазы окулду.


кошулду





Ош мэри: "Атамбаевди сындагандарды Кудай жазаласын!"

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: