Азимбек Бекназаров: "Кумтөр" боюнча келишим жокко чыгарылбаса, 24-апрелде оппозиция 10 миң киши чогултат"
"Эгерде “Кумтөр” боюнча учурда иштеп жаткан келишим жокко чыгарылбаса, анда 24-апрелде оппозиция 10 миң киши чогултат". Мындай билдирүүнү бүгүн, 15-апрелде маалымат жыйында коомдук ишмер Азимбек Бекназаров айтты. “Эгерде Жогорку Кеңеш жакынкы күндөрү “Кумтөр” боюнча маселени карап, мыйзам долбоорун жокко чыгарбаса, анда парламентти таратуу маселесин алып чыгабыз”,- деди ал. Анын айтымында, бул сыяктуу келишимдерди түзүп жатканда биринчи кезекте Кыргызстандын кызыкчылыктары эске алыныш керек. “Андай болбосо башка инвесторлор келип иштетишсин. Эгер 24-апрелде бийлик бул маселени чечпесе, анда Элдик курултай бизге кандай бийлик керектигин чечет”,- дейт Бекназаров.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
22:54
2025-11-18
22:40
2025-11-18
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео

















