Депутат Дастан Бекешев саясатчыларга класстык чин бербөөнү сунуштоодо
ЖКнын Коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин бүгүнкү, 15-апрелдеги жыйынында депутат Дастан Бекешев мамлекеттик кызматтагы адамдардын класстык чиндерин калтырып, саясаттагы жарандардын класстык чининен ажыратуу сунушун киргизди. “Депутаттарга, министрлерге класстык чиндерди берүүнүн кереги жок”,- деди эл өкүлү. Анын айтымында, депутаттарга, министрлерге президент эмес, эл баа берүүсү керек. “Айлык маянасына 1000 сом кошулганы эл өкүлдөрү үчүн маанилүү деле эмес, көпчүлүк депутаттар ишкерлик менен алектенет”,- деди Бекешев.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
22:54
2025-11-18
22:40
2025-11-18
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















