Быйыл Баткенде 6 миң гектар жерге күздүк буудай себилет
Быйыл Баткен облусунда 6 миң гектар жерге күздүк буудай себилет. Бул тууралуу бүгүн, 26-сентябрда өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, кечээ, 26-сентябрда айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Турдуназир Бекбоевдин катышуусунда алгачкы күздүк буудай себүү иши башталды. Масалиев айыл аймагында өткөрүлгөн иш-чарага өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абиш Халмурзаев, район, шаар жетекчилери, дыйкандар жана чарбакерлер катышты.
Белгилүү болгондой, айдап-себүү иштери сентябрь, октябрь айларында жүргүзүлөт.
басма сөз кызматы
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















