super.kg logo

Нью-Йоркто Хиллари Клинтондун туяктуу, жарым жылаңач эстелиги коюлду

 

АКШнын президенттигине талапкер Хиллари Клинтондун бутунун ордуна малдын туягы жасалган жарым жылаңач эстелиги Нью-Йорктогу сейил бактардын бирине 18-октябрь күнү эртең менен коюлду. Мындай иш-аракеттен улам эстеликтин айланасында жаңжал да чыгып кеткен. Бул кабарды New York Daily News интернет-басылмасы жарыялады.

Карикатуралык эстеликтин автору - 27 жаштагы сүрөтчү Энтони Скиоли. Аталган басылманын баракчасында эстеликтин айынан автор менен өтүп бараткан адамдардын ортосунда жаңжал чыкканы тартылган видео да жарыяланган. Эстеликте Хилларинин жарым жылаңач, адаттагыдан толук, ырайы да суук келбети чагылдырылып, эки тизесинен ылдый буттун ордуна туяк жасалган. Автордун берейин деген ою боюнча, анын артында Уолл-Стриттин банкирлерин элестеткен анча чоң эмес адамдын түспөлү көрсөтүлгөн.

Эстелик Манхэттенде коюлганда анча-мынча селфи кылгандар эле болбосо, эч ким деле маани берген эмес. Бир маалда өтүп бараткан аял эстеликке карап, жактырбаган түрдө ага бир нерселерди ыргытып, авторго нааразычылыгын билдирип, эстеликти жыгып, үстүнө отуруп алган. Автор менен шаар жашоочуларынын ортосундагы талаштан соң полиция кызматкерлери келип жаңжалды жайгарып, эстеликти алып кетишти. Эстеликтин ызы-чуусу 3 саатка созулган. Полициянын билдиришинче, арт-акциянын автору шаардык башкармалык менен макулдашууга барган эмес. Ошол себептен эстеликти коюу мыйзамсыз деп табылды.






Клинтондун жарым жылаңач эстелигинин айынан жаңжал чыкты

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(3)
19.10.2016. 13:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Мына сага демократия!!!
19.10.2016. 16:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ой тобооо!!!
19.10.2016. 16:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
оз башы менен кетсин дечу беле..
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: