Бишкекте жатак-мектептердеги балдарга колдоо көрсөтүү үчүн “Жакшылык” аттуу акция башталды
Бишкек мэриясынын Социалдык тамактандыруу департаментинин демилгеси менен 1-апрелден бери “Жакшылык” аттуу кайрымдуулук акциясы уланууда. Акция 1-Июнь - Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата уюштурулууда жана 31-майга чейин улантылат. Анда өлкөнүн алыскы аймактарындагы жана Бишкек шаарындагы жатак-мектептерде окуган балдарга жардам көрсөтүлмөкчү. Бардык каалоочулар катышып, балдардын кийимдерин, оюнчуктарды, китептерди, дисктерди жана башкаларды белек кылса болот. Каалоочулар 550 28-77-33, 551 33-28-82 телефон номерлери аркылуу байланыша алышат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
22:54
2025-11-18
22:40
2025-11-18
15:55
2025-11-18
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















