Баткен облусунун аймагында күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды
Баткен облусунун аймагында күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу бүгүн, 20-октябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, жер силкинүүнүн очогу Өзгөрүш айылынан 10 чакырым түштүктө, Берик-Суу айылынан 15 чакырым түштүк-батышта, Сүлүктү шаарынан 50 чакырым түштүк-чыгышта, Баткен шаарынан 80 чакырым түштүк-батышта жайгашкан.
“Жер титирөө Өзгөрүш, Кызыл-Чарба, Берик-Суу, Жаңы-Турмуш айылдарында 2,5 баллга сезилген. Жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок”, - деп айтылат ӨКМнын маалыматында.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:26
2025-11-21
19:04
2025-11-21
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















