Жогорку Кеңеште спикер Турсунбеков Мээрбек Мискенбаевдин суранычын четке какты

Жогорку Кеңештин 20-октябрдагы жыйынында спикер Чыныбай Турсунбеков депутат Мээрбек Мискенбаевдин суранычын четке какты. Депутат банк уячалары, "Мегаком" компаниясы, Кадыржан Батыровдун качышын иликтөө боюнча депутаттык комиссия түзүүнү суранган эле.
"Биз парламентте курч маселелерди көтөрүп турабыз. Элдин баары бизди карап отурат. Өткөндө банк уячалары, "Мегаком" компаниясы, Батыровдун качышы боюнча маселелер үч-төрт жолу көтөрүлгөн. Бул боюнча комиссия түзүп чыксак. Эгер бул маселелерди чече албасак, бул парламенттин алсыздыгын көрсөтөт. Аягына чыкпайлыбы? Президенттин күчү парламентте, УКМКда, ИИМде эмес, анын күчү элде. Бизди болсо ким колдоп жатат? 2005-жылы бир ай бою эл депутаттарды Ак үйгө киргизбей турган. Ушундай керекпи азыр? Анда элге чыгып айталы. Мен эл менен болоюн. Башка аргам калбады. Бүгүн сөзсүз түрдө карап бериңиз. Фракция лидерлери чогулуп, комиссия түзүшсүн", - деп кайрылды спикерге депутат.
Спикер Турсунбеков анын суранычын четке кагып, аталган маселелерди регламентке ылайык фракциялар жана комитеттер аркылуу көтөрүү зарыл экенин айтты. "Андан соң добуш берүү аркылуу чечебиз", - деди төрага.
Спикер Турсунбеков Мискенбаевдин суранычын четке какты (20.10.16)

