Кадамжай районундагы Жылкы-Камоо жайытында өрт чыкты
Кадамжай районундагы Жылкы-Камоо жайытында өрт чыкты. Бул тууралуу бүгүн, 3-ноябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, 2-ноябрь күнү Майдан айыл өкмөтүнүн Пум айылынын жогору жагындагы Жылкы-Камоо жайытында аска-зоонун үстү жагы күйүп жатканы тууралуу билдирүү түшкөн. Райондук токой чарбасынын кызматкерлери окуя болгон жерге жөнөп, бирок кеч кирип калгандыктан өрт болгон жерге жетпей кайра кайтып келишкен.
"Бүгүн, 3-ноябрда саат 7:30да райондук токой чарбасынын кызматчылары, жергиликтүү калктын өкүлдөрү ӨКМнын Кадамжай райондук бөлүмүнүн башчысы менен биргеликте өрт чыккан жерге иликтөө жана тиешелүү жумуштарды аткаруу үчүн жөнөп кетишти. Кошумча маалымат берилет", - деп айтылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:26
2025-11-21
19:04
2025-11-21
Рейтинг:
0
0

Супер-Инфо
super.kg видео


















Неге орттонгон жерге карангы тушуп кетсе да барышпайт?? Кеч батабы, тан атабы ""ОПТ ТИЛСИЗ ЖОО" кай убакта башталса да барып чоо-жайын билуу керек, ортту очуро алышпаса да!!!