Бишкекте Улуу Октябрь социалисттик революциясынын урматына жөө жүрүш болууда
Бүгүн, 7-ноябрда Бишкекте Улуу Октябрь социалисттик революциясынын жеңишинин 97 жылдык мааракесине карата жөө жүрүш уюштурулду. Жүрүшкө 200гө жакын Кыргыз коммунисттик партиясынын мүчөлөрү чыгышкан. Иш-чаранын катышуучулары Лениндин жана Сталиндин сүрөттөрүн, партиянын желегин көтөрүп шаар аралап жүрүшөт.
"Биз партиянын жактоочуларыбыз. Атайын Талас облусунан келдим. Бүгүнкү жүрүшкө өлкөнүн 7 облусунан адамдар келишти. 1991-жылдан бери майрам күчүн жоготту. Буга чейин жер-жерлерде парад уюштурулчу. Эл аябай сонун маанай менен майрамдачу. Өлкөдөгү бардык партиялар биригип күчтүү партия түзүүлөрү керек. 120 депутат бизге керек эмес", - деди Талас районунан келген Өскөн Укубаев.
Маалыматка ылайык, Коммунисттик партияны Владимир Ильич Ленин түптөгөн.
0

Супер-Инфо
super.kg видео

















СССР кулап оз алдынча болгон 15 республиканын бири да жыргап кеткен жери жок. Бардыгында кыйналган карапайым эл. Жыргаса бийликтеги чиновниктер менен бир ууч бизнесмен-байлар жыргап жаткандыр.
Капитализм о