Бишкектеги уурдалган сакура көчөттөрү тууралуу дүйнөлүк ММКларда жарыялана баштады
Кытайдын массалык
маалымат каражаттарында жана интернет булактарында Бишкек шаарындагы 14 сакура
көчөттөрү уурдалгандыгы тууралуу
маалымат тарап кетти. Тараган маалыматтарда 6-апрелдеги өлкөнүн президенти
менен Кыргызстандагы Япониянын элчиси Такаюки Коикенин катышуусундагы сакура
отургузуу аземи тууралуу баяндалган. Ошондой эле сакура көчөттөрүн 2011-жылдын
18-мартындагы Япониядагы зилзалада Кыргызстан көрсөткөн жардамы үчүн ыраазычылык
иретинде берилгендиги да айтылган. Эске сала кетсек, аталган табигый кырсыкта Кыргызстан
Японияга 2,5 тонна минерал суусун жеткизип берген.
Автор: Гүлжан Асанкожоева
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
22:54
2025-11-18
22:40
2025-11-18
15:55
2025-11-18
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















