Ошто мурда соттолгон жаран уурулукка шектелип кармалды
Ошто мурда соттолгон жаран уурулукка шектелип кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 16-ноябрда Ош шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, кылмышка шектүү катары 27 жаштагы Т.Салимбек 14-ноябрь күнү кармалган. Анын үйүнөн сатып үлгүрө элек, Ак-Тилек кичи районундагы үч үйгө таандык буюмдар табылган.
“Учурда кылмыш иши козголуп, шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Ал буга чейин мал уурулук боюнча соттолгон”, - деп билдиришти Ош ШИИБинен.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:26
2025-11-21
19:04
2025-11-21
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















