super.kg logo

Пранкер кантип Атамбаевдин атынан Порошенкого телефон чалынганын айтып берди

 
Пранкерлер Алексей Столяров (сол жактагысы) жана Владимир Кузнецов

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин атынан Украина президенти Петро Порошенкого кантип телефон чалып, сүйлөшүү кандай жагдайда жүргөнүн пранкер Владимир Кузнецов (каймана аты Вован) орусиялык ММКларга айтып берди.

Айтымында, 40 мүнөткө созулган телефондук сүйлөшүүнү макулдашууга 1,5 сутка убакыт кеткен. Сүйлөшүүнү макулдашуу кыйынчылык жараткан эмес, Украина президентинин администрациясы жана Коопсуздук кызматы текшерүүлөрү менен ашыкча кыйнабаганын айтат. "Чынында, сүйлөшүүнүн айрым жерлери кесилди. Көпчүлүк Порошенконун 40 мүнөттүк монологун толук угууга кызыкдар эмес деп ойлойм. Албетте, айрым сөздөрдү алып салдык. Эң кызыктуу фрагменттерди гана калтырдык", - дейт Кузнецов (сүрөттө оңдо).

Пранкер "Кыргыз мамлекетинин президенти" менен сүйлөшүүгө Порошенко даяр болбогонун, мас абалда сүйлөшкөндөй таасир калтырганын да кошумчалады. "Айрыкча анын "уксаң", "карасаң" деген сөздөрү таң калтырды. Бир учурда ал Кыргыз мамлекетин Түркмөнстан менен алмаштырып да алды", - дейт пранкер.

Атамбаевдин атынан Порошенко менен Кузнецовдун шериги, пранкер Алексей Столяров (каймана аты Лексус, сүрөттө солдо) сүйлөшкөнү белгилүү болду. Кузнецов социалдык тармактагы жеке баракчасына өзүнүн президент Алмазбек Атамбаевдин атынан Петро Порошенко менен телефондон сүйлөшкөн 15 мүнөттүк аудиосун жарыялаган.

Эскерте кетсек, Украина президентинин расмий сайтында 2-ноябрда президент Петро Порошенко менен мамлекет башчы Алмазбек Атамбаевдин телефон аркылуу сүйлөшүү жүргүзгөнү тууралуу маалымат жайгаштырылган. Анда өлкө жетекчилери Кыргыз Республикасы-Украина кызматташтыгын, саясий диалогду жандантуу, соода-экономикалык кызматташтыкты күчөтүү тууралуу пикир алышканы айтылат. Бирок Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Сапар Исаков Порошенко менен Атамбаевдин ортосунда эч кандай телефондук сүйлөшүү болбогонун, Украина президентин кимдир бирөө тамашага салган болушу мүмкүн экенин маалымдаган эле.






Өзүн Атамбаев деп тааныштырган адам менен Порошенконун сүйлөшүүсү

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(17)
Медиа-портал
18.11.2016. 12:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
атамбаев эмес бул.
18.11.2016. 12:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Аудио запись жокпуу
18.11.2016. 12:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-7
Атамбаев эмес, Бакиевдин унуно кобуроок окшошуптур го
18.11.2016. 23:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
12.12.12,Бакиев чалыптыр деп албасын АША, бул жерге да аны кошуп. Атамбаевдин абройун корсотуп коюшту мына, бир тыйынчалык баркы жок!
18.11.2016. 12:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Атамбаевдин атынан суйлошту деп жатбайбы. Текчтин окусанар
18.11.2016. 13:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Эмне ал Россиянын жараны бекен?
18.11.2016. 13:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
mambo-1984, обаа Россиянын хакерлери да
18.11.2016. 15:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
taalai9411,хакер менен пранкердин айырмасын билбегенден кийин жазбайле койгула да
18.11.2016. 13:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Эми буларга чара корулобу?
18.11.2016. 13:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
окшошой калыптыр . Талант Анарбаев чалса болмок.
18.11.2016. 14:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Порошенко кайдан билет эле атамбаевдин голосун
18.11.2016. 15:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
ZHYRGAl1412,Атамбаевдин голосу интернетте толо да,азыр каалаган президенттин голосуну таап алсаң болот.
18.11.2016. 15:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Путин атайын ошентип текшерип турат снг да эмне болуп жатканын путиндин хакерлери да
18.11.2016. 16:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Хакер башка пранкер башка.
Пранкер-телефон менен тамаша кылган же бей баштык кылган адамдар.
Медиа-портал
20.11.2016. 02:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жон эле журушпойбу
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: