Кытайда роботтун адамга кол салган алгачкы учуру катталды
Роботтордун адамга зыян келтирген алгачкы учуру Кытайдын Шэньчжэнь шаарында катталды (Гуандун провинциясы, Түштүк Кытай). Бул тууралуу "Сина" маалымат порталы жазып чыкты. Интернет колдонуучулары бул окуяны "балдарга арналган роботтун күтүүсүз акылынан айныганы машиналардын көтөрүлүшкө чыкканын билдирет" деп жазып чыгышты.Маалыматтарга караганда, окуя жогорку технологиялар чөйрөсүндө кызмат көрсөткөн 100дөн ашуун компаниянын товарлары коюлган көргөзмөдө болгон. Көргөзмөдөгү R2-D2 роботу кароосуз калып, белгисиз себептерден улам жанында турган буюмдарды талкалап баштаган. Аны токтотууга аракет кылган кызматкерге да тап берип, бутун басып кысып баштаган. "Козголоң чыгарган" роботтун салмагы эле адамдын бутуна олуттуу жаракат келтиргенге жараган. Себеби кызматкер өзү баса албагандыктан, "Тез жардам" кызматы чакырылып, замбилге салып көтөрүп чыгып кетишкен.
Роботту иштеп чыккандар эмне үчүн мындай болгонун түшүндүрүп бере алышкан эмес. Алардын билдиришинче, робот 4 жаштан 12 жашка чейинки жаш балдар менен ойноого, алардын көңүлүн көтөрүүгө ылайыкташтырылып жасалган болчу. Баасы 1400 долларга жакын.
Бул окуя интернетте кызуу талкууланып, "адамзатка каршы согушта робот башкы каарманга айланат" десе, башкалары "робот Кытайда жасалганына нааразы болгон" деген билдирүүлөрдү калтырышкан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:30
2025-11-23
11:10
2025-11-23
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(11)
nargis
21.11.2016. 16:15
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Мына сага!, жетишкендиктин жазасы ,ушундай болмок.
ekaterinburg
21.11.2016. 16:18
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
,,Терминатор.Восстания машин" деген мына ушул...
Mers124
21.11.2016. 16:19
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Адамдар менен роботтордун согушу болушу мумкун.
Tansuluu09
21.11.2016. 16:20
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Mers124, Тообо кинодогудай
Rifle_I
22.11.2016. 08:43
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Исходный кодто катачылык кеткен окшойт да. Же вирус киргизип жиберишкенби ?
gugu2727
21.11.2016. 16:23
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Дистансионный управленияда бул эу
Nazikbaigazy
21.11.2016. 17:00
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мына сага кызык ошол роборттун не кереги бар кытайдын эли кайнатго эли жетишпей жаткансып робортко балээ барбы, бир сайттан окуп калдымле коп эмес жылдардан кийин дуйно калкынын 70% ы жумушсуз калат жана роботтор ээлейт дешти эле биздин укум тукум не болот анда
Nazikbaigazy түзөттү 2016-11-21 17:01:27
tynara81
21.11.2016. 17:16
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушул окуядан кийин балдарга арналган роботту көпчүлүк сатып албаса керек
jarkyn_jakta_jasha
21.11.2016. 20:57
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
"Я робот" тасмасы эске тушту
Neizvestno777
22.11.2016. 04:01
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Терминатор чындыка айланат окшойт
Дарыгер
22.11.2016. 06:02
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Роботтор адамдардын согушу эч качан болбойт.
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















