Жалал-Абад. Жакында "Жалал-Абад сулуусу-2013" сынагы өтөт
19-майда Жалал-Абад шаарында "Элет жаштары" уюмунун жана "Супер-Инфо" гезитинин аталган аймактагы өкүлчүлүгүнүн демилгеси менен "Жалал-Абад периси-2013" аттуу сулуулар сынагы өтөт. Аталган уюмдун жетекчиси Абдыманап Дыйкановдун айтымында, учурда сынакты уюштурууга кызуу даярдык жүрүүдө. "Демөөрчүлөргө да бир аз муктажбыз, азыр ошол жаатта тынбай чуркап жүргөн убагым",- деп кошумчалайт ал. Ал эми 25-апрелде аталган шаардагы Жаштар борборунда тандоо туру өтүп, анда жеңүүчү болгон сулуулар облус периси наамын багындыруу үчүн ат салышмакчы.
Автор: Гүлжан Эшбаева
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
22:54
2025-11-18
22:40
2025-11-18
15:55
2025-11-18
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео

















