ЖЫЛНААМА, 30-НОЯБРЬ: Бүгүн Пилдердин бүткүл дүйнөлүк күнү
Бүгүн Пилдердин бүткүл дүйнөлүк күнү. Бул күндү майрам катары белгилөө демилгесин экологдор көтөрүп чыгышкан. Максаты - пилдерди ырайымсыз мамиледен коргоо жана алардын популяциясын сактап калуу. Майрамда түрдүү иш-чаралар уюштурулуп, пилдер тууралуу кызыктуу маалыматтар берилип, алардын жашоосун чагылдырган тасмалар элге көрсөтүлөт.
Пилдерге болгон мергенчилик ушул күнгө чейин токтобой келет. Эгерде бул абалды өзгөртпөсө, 30-50 жылдын ичинде пилдердин Жер планетасынан жоголуп кетүү коркунучу бар экенин экологдор эскертишет.
- Пилдер кургактыктагы сүт эмүүчү жаныбарлардын эң чоңу болуп эсептелет.
- Индиялык жана африкалык пилдер жоголуп бараткан жаныбарлардын түрү катары Кызыл китепке киргизилген. Ошондой эле Бириккен Улуттар Уюму 1989-жылы пилдин сөөгү менен соода кылууга тыюу салган.
- Жаңы туулган пилдин баласынын салмагы 100-120 килограммды түзөт. Ургаачы пил баласын жарык дүйнөгө алып келгенге чейин ичинде 22 ай көтөрөт.
- Пилдин мээсинин салмагы 5 килограммды түзөт.
30-ноябрга карата жылнаама.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:30
2025-11-23
11:10
2025-11-23
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















