Орусияга кирүүгө тыюу салынган кыргызстандыктардын тизмеси жарыяланат
Орусиянын аймагына кирүүгө тыюу салынган Кыргызстандын
жарандарынын тизмеси жарыяланат. Бул тууралуу бүгүн, 22-апрелде ТИМдин Консулдук
кызмат департаментинин башчысы Эркин Асангулов билдирди. Анын айтымында, аэропортторго
жана темир жол бекеттерине терминалдар орнотулуп, анда Орусияга кирүүгө тыюу
салынган жарандардын тизмеси жарыяланат. “Тизмеге Орусиянын аймагында 2 же андан көп мыйзам
бузган жарандар кирет. Кыргызстандын жарандары Орусияга барган соң 7 күндүн
ичинде катталып, 90 күнгө чейин иштеп жаткандыгы тууралуу документ алышы керек”,-
деди ал.
Автор: Ширин Жумадилова
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
22:54
2025-11-18
22:40
2025-11-18
15:55
2025-11-18
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















