ЖЫЛНААМА, 4-ДЕКАБРЬ: Мындан 36 жыл мурун Кыргыз ССРинин Министрлер кеңешинин төрагасы Султан Ибраимов өлтүрүлгөн
Мындан 36 жыл мурун, 1980-жылы Министрлер кеңешинин төрагасы Султан Ибраимовду Чолпон-Ата шаарындагы мамлекеттик дачада эс алуу маалында Смагин аттуу оорукчан адам атып кеткен. Бир жылдан кийин Смагин милиция кызматкеринин моюн орогучуна асынып калган жеринен табылган.Султан Ибраимов убагында Кыргызстан компартиясынын Борбордук комитетинин айыл чарбасы боюнча катчылык кызматында, кийин Ош облустук партиялык комитетин 10 жыл жетектеп, Жогорку Кеңештин президиум төрагасы сыяктуу жооптуу мамлекеттик иштерде эмгектенген. С.Ибраимов ишке жана адамдарга карата болгон принципиалдуу мамилеси, дүйнөлүк кубулуштарга прогрессивдүү көз карашы менен айырмаланган. Айрым адистердин айтымында, Советтер Союзунда Султан Ибраимов С.М.Кировдон кийин киши колдуу болуп көз жумган жогорку бийлик адамы.
4-декабрдын жылнаамасы.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:26
2025-11-21
19:04
2025-11-21
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















