Москва шаарында бүгүн, 16-декабрда Кыргыз өлкөсүнөн өндүрүлгөн азык-түлүк товарларынын жарманкеси өткөрүлөт
Москва шаарында Кыргыз Республикасында өндүрүлгөн азык-түлүк товарларынын жарманкеси өткөрүлөт. Бул тууралуу бүгүн, 16-декабрда Орусиядагы элчиликтин басма сөз кызматы билдирди.
"Москва шаарындагы Кыргыз Республикасынын элчилигинде азык-түлүк көргөзмө-жарманкеси өткөрүлөт. Көргөзмөгө Кыргыз өлкөсүндө өндүрүлгөн айыл чарба азыктары коюлат. Мында кыргыздын тамак-аштары да сунушталат", - деп жазылат билдирүүдө.
Маалыматка ылайык, жарманке Большая Ордынка көчөсү-62 дарегиндеги элчиликтин конок үйүндө саат 14:00дө башталмакчы.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:30
2025-11-23
11:10
2025-11-23
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















