ЖЫЛНААМА, 19-ДЕКАБРЬ: 33 жыл мурун Бразилиядагы Футбол федерациясынын имаратынан дүйнөлүк чемпиондукта жеңүүчү командага берилүүчү кубок уурдалган
1983-жылы 19-декабрда Бразилиянын Рио-де-Жанейро шаарындагы Футбол федерациясынын имаратынан дүйнөлүк чемпиондукта жеңүүчү командага берилүүчү Никанын алтын статуэткасы - Жюль Римэнин кубогунун оригиналы уурдалган.ФИФАнын эрежеси боюнча, Жюль Римэнин кубогун 3 жолу жеңип алган өлкө ага түбөлүк ээлик кылуу укугуна ээ болот. 1970-жылы бразилиялыктар аталган кубокту 3-ирет жеңип, аны биротоло мекенине алып кетишкен. Кылмыш болгон соң полиция кызматкерлеринин жан үрөп кылган аракеттери, убада кылынган миллиондогон акчалар сыйлыкты мурдагы калыбында кайтара алган эмес. Бул кылмыштын бетин ачуу 3 жылдан ашуун убакытка созулуп, алтын кубоктун эритилип сатылгандыгы аныкталган. Бул окуя спорт дүйнөсүнүн тарыхында "Кылымдын уурулугу" деген ат менен сакталып калган.
Күнөөлүү деп табылган 3 адам - Жозе Луис да Силва (сүрөтчү), Франциско Жозе Роша (полиция кызматкери, экөө тең 9 жылга кесилген), Хуан Карлос Эрнандес (зергер, 3 жылга кесилген) камакка алынышкан. Окуя болгондон 10 жылдан кийин кылмышка катышы бар жергиликтүү кылмыш тобунун жетекчиси Сержио Айрес Перейра кармалып, 9 жылга эркинен ажыратылган. Учурда Бразилияда аталган сыйлыктын көчүрмөсү сакталуу.
19-декабрга карата жылнаама.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:26
2025-11-21
19:04
2025-11-21
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(1)
rukopashnik
19.12.2016. 14:24
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
камалып чыгышыптырда баары
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















