Запар Кайназарова: "Жогорку Кеңеш башкасын токтотуп, биринчи "Кумтөр" маселесин чечсин"
"Жогорку Кеңеш башка көйгөйлөрүн токтотуп, 2 күндүн ичинде "Кумтөр" маселесин чечсин",- деди бүгүн,
24-апрелде Бишкектеги "Ала-Тоо" аянтында өтүп жаткан митингде Талас облусунан келген “Ак элечек” коомунун мүчөсү Запар Кайназарова. Митингчинин айтымында, аталган коомдун мүчөлөрү октябрь айынан бери “Кумтөр” маселеси жана "ата журтчу" 3 депутатты камактан бошотуу талабы менен Бишкекте жүрүшөт. “Бирок маселебиз чечиле элек. Жогорку Кеңеш мындай орчундуу маселелерди карабай, сессияда кайдагы бир “жаныбарларды коргоо” мыйзамын талкуулап отурушат, адамдарды качан коргошот?”- дейт Кайназарова.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
22:54
2025-11-18
22:40
2025-11-18
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео

















