Ак үйгө кире албай калган адам кирүүгө уруксат берчү жайдын терезесин талкалап салды



Бүгүн, 26-декабрда Ак үйдүн көзөмөл-өткөрмө жайында белгисиз адам терезени талкалап салды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына күбөлөр билдиришти.
Алардын айтымында, бүгүн саат 11:00 чамасында Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков менен жолугушууга ниеттенген адам аталган жайга келип, Ак үйгө кирүүгө уруксат сураган. "Жанында керектүү документтери жок болгону үчүн ага кирүүгө уруксат бербей коюшкан. Жаран нааразы болуп, көзөмөл-өткөрмө жайдын терезесин талкалаган. Андан соң милиция кызматкерлери аны суракка алып кетишти", - дешти күбөлөр.
Айта кетсек, бүгүн Ак үйдө белгилүү мамлекеттик жана коомдук ишмер, Кыргыз ССР Жогорку Советинин Президиумунун алгачкы төрагасы Асаналы Толубаевдин 120 жылдыгына арналган илимий-практикалык конференция өттү. Ага төрага Чыныбай Турсунбеков баштаган Жогорку Кеңештин депутаттары, коомдук ишмерлер, илимий чөйрөнүн өкүлдөрү, Асаналы Толубаевдин жакындары, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү катышты.
Ак үйдүн жанында талкаланган терезе (26.12.16)
Ак үйдүн жанында талкаланган терезе-2 (26.12.16)

уят еле емне деген корунуш полунун краскасы очкон кыскасы соз жок.
е аллахым кыргыз елибизге ынтымак ырыскы береке пайыз бере кор оркундоп онугуп кетели оомиин...
Бул чондор бир кундо жуз жолу баскан жерин корушпосо сыртта эмне болуп жатканын кайдан кормок.
Кыргызда жакшы макал барго ЭШИГИН КОРУП ТОРГО ОТ деген . Мына Ак уйдун кебетеси чондор олтурат курсагын кашыыып.
Бул жер АК УЙ ....айтууга соз жок .
Негизи документти каттаган менен анын пайдасы жок же ошол журналдарды ачып карап кызыккан эч ким болбосо...