Казарман-Ак-Тал-Чат-Нарын унаа жолунда кар көчкүнү атып түшүрүү иштерине байланыштуу каттам убактылуу жабылат
Жалал-Абад жана Нарын облустарын байланыштырган Казарман-Ак-Тал-Чат-Нарын унаа жолу жабылат. Бул тууралуу бүгүн, 27-декабрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Казарман-Ак-Тал-Чат-Нарын унаа жолунун 44-45 жана 67-94-чакырымдарындагы Кара-Көө ашуусунда кар көчкү түшүү коркунучу жаралган.
"Транспорт министрлигинин кызматкерлери жана Өзгөчө кырдаалдар министрлиги артиллериялык куралдарды колдонуу менен кар көчкүлөрүн түшүрүү аракетин баштайт. Мындан улам Кара-Көө ашуусу убактылуу жабылат. Кар көчкүнү атып түшүрүү 27-29-декабрь күндөрү жүргүзүлөт", - деп билдирди басма сөз кызматы.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:30
2025-11-23
11:10
2025-11-23
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















