super.kg logo

Тургун: "Авиакырсыкта балдарынан айрылган агама жардамдашкандар "мародёр" атка конушту"

 
Руслан Темирканов
Керезбек Акунов

16-январда Курулуш башкармалыгынын дачаларына кулаган учак 38 адамдын өмүрүн алды. Каргашалуу таңда Нурлан Темирканов 3 баласын жоготту. Бул кырсыкты уккан анын иниси Руслан Темирканов жана кесиптеши Керезбек Акунов ошол учурда окуя болгон жерге барышкан. Алар үйдүн урандыларынын арасынан документтерди, каза болгондордун уюлдук телефондорун унаага алып бара жаткан жеринен милиция кызматкерлери тарабынан кармалышып, "уурулук кылышкан" делип, "мародёр" атка конушкан. Бул тууралуу алар бүгүн, 19-январда SUPER.KG порталына билдиришти.

"Кырсыкка учураган агамдын үйүнө барып, документтерин, каза болгон балдарынын жеке буюмдарын чогултуп, чакага салып, Керезбек унаасына салганы кеткен. Ал бир маалда телефон чалып, милиция кызматкерлери кармап алышканын айтты. Барсам, милиция кызматкерлери жана журналисттер курчап калышыптыр. Баарын түшүндүргүчө мени да кармап, ызы-чуу түшүп жатып, акыры коё беришти. Интернетке тараган видеону көргөн тааныштарым мага байланышып, мен жөнүндө ар кандай жаман пикирлер айтылып жатканын билдиришүүдө. Менин бир тууган агамдын балдары каза болуп жатышса, мен кантип андайга барам?" - дейт Руслан Темирканов.

Ошондой эле Темиркановдун айтымында, чакадагы маркумдун iPhone үлгүсүндөгү смартфонду, тескерисинче, милиция кызматкери алып, кийин ал кызматкер алганын танып койгонун кошумчалады.

Ал эми ошол эле видеодо өзүн тааныштырган Керезбек Акунов учурда анын айынан көчөгө чыга албай калганын айтат: "Мен аэропортто иштейм. Нурлан Темирканов бригадирим болот. Ал видео телеберүүлөргө да, интернетке да чыгып кетиптир. Жакындарым, тааныштарым мени таш бараңга алабыз дегендер бар экенин айтышууда. Мунун айынан көчөгө чыга албай калдым. Жөн жерден караландым. Мына, азыр да көчөдө турсам, эл мени жактырбагансып карап өтүп жатат. Азыркы абалыма күнөөлүүлөрдүн менден кечирим сурашын каалайм жана бул маселе тууралуу тиешелүү органдарга кайрылам".

Бул окуядан кийин жогорудагы жарандар окуянын чоо-жайын айрым телеканалдарга айтып бергендери чыкпай жатканына нааразы болушууда. Алар тууралуу коомчулукта калыптанып калган ойлор төгүндөлөрүнөн үмүт кылышат.






"Учак кулаган жерден уурулук кылды" деп жатышат

"Ак жерден мародёр аталып кеттим"

Автор: Кызжибек Раимова
Оператор: Мундуз Нурланбек уулу
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(41)
Медиа-портал
16.01.2017. 18:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-21
Канча адам коз жумуп,канчасы кан жутуп олтурса булардын кылганын кара!
Модератор admin_media түзөттү 2017-01-17 11:05:12
Медиа-портал
19.01.2017. 16:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Милициялар айфонун ХХХ ХХХ беришсин!
Модератор admin_media түзөттү 2017-01-19 17:59:05
Медиа-портал
19.01.2017. 18:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
A3A, этика нормаларын сактаңыз! Билдирүүңүз түзөтүлдү!
Медиа-портал
16.01.2017. 18:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-21
Бутундой Кыргыз эли кан жутуп жатса уурулук кылып. Колдон келсе адамдык парзынарды кылып жардам кылып койбойсунарбы!!!
Модератор admin_media түзөттү 2017-01-17 11:05:03
Медиа-портал
16.01.2017. 18:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-17
Биродун нерсеси бироого буйурбайт булар адам эмес экен ХХХ ХХХ
Модератор admin_media түзөттү 2017-01-17 09:39:37
Медиа-портал
16.01.2017. 19:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-11
Канчалаган Кыргызым олуп жатса ХХХ ХХХ
Модератор admin_media түзөттү 2017-01-17 11:05:22
Медиа-портал
16.01.2017. 19:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-16
Бети жоктор ХХХ ХХХ
Модератор admin_media түзөттү 2017-01-17 11:04:49
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: