Бишкекте үй-жайсыз 84 адам милиция бөлүмүнө жеткирилди
Бишкекте үй-жайсыз 84 адам милиция бөлүмүнө жеткирилди. Бул тууралуу бүгүн, 20-январда Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, үй-жайсыз адамдар 17-18-январда милиция кызматкерлери тарабынан уюштурулган “Селсаяк” аталышындагы рейддин алкагында кармалган. Алардын 78и эркек, ал эми 6сы аял киши. Биринде да өздүгүн тактаган документтери болгон эмес. Аты-жөндөрү такталган соң Бишкектеги үй-жайсыз адамдар баш калкалоочу жайларга бөлүштүрүлөт.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:26
2025-11-21
19:04
2025-11-21
Рейтинг:
0
0

Супер-Инфо
super.kg видео


















копчулугу жаш эле экен.
Колунан иштесе иш келчуу эле
адамдар.Иш жок деп шылтоолошот,
айылга келсин ар бир уйго мал
кароо учун жумушчу керек,ана
иш.