Кыргыз улуттук университетинин жасалма дипломун алып жүргөн адам кармалды
О.О. аттуу кытай жаранына таандык болгон Бишкектеги Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин жасалма дипломун алып жүргөн кыргызстандык Ц.С. аттуу жаран 26-апрелде кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди. Учурда жасалма диплом алып жүргөн адамга карата Кылмыш кодексинин 350-беренеси (жасалма документтерди даярдоо, сатуу, колдонуу) боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүп жатканы айтылды. Эгерде кармалган адамды сот күнөөлүү деп тапса, анда ал 2-3 жылга эркинен ажыратылышы мүмкүн.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















