Өткөн жылы 248 табигый жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталган
Өткөн жылы 248 табигый жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталган. Бул тууралуу бүгүн, 3-февралда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, 2015-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу өзгөчө кырдаалдардын саны 7 пайызга өскөн. Ал эми каза болгондор 11 пайызга азайган. Ошондой эле келтирилген материалдык чыгым 1 миллиард 6 миллион сомду түзгөн.
Өзгөчө кырдаалдардан келтирилген жалпы материалдык зыяндын ичинен эң ири чыгымдарды өрт кырсыктары, сел суулары, суу каптоо, жер көчкү, мөндүр алып келген.
Айта кетсек, 2016-жылы өзгөчө кырдаалдардын кесепетинен 47 адам каза болгон.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:08
2025-11-23
16:50
2025-11-23
16:19
2025-11-23
12:30
2025-11-23
11:10
2025-11-23
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















