super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Депутат өлкөдө аялдардын 58 пайызы, эркектердин 7 пайызы үй-бүлөлүк зордук-зомбулукка кабыларын айтты

 

4-февралда Жогорку Кеңештин депутаттарынын жана Ош шаарынын тургундарынын катышуусу менен үй-бүлөлүк зордук-зомбулук жана башка социалдык-экономикалык көйгөйлөр боюнча коомдук угуу болду. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Ош шаарында өткөрүлгөн аталган иш-чарада үй-бүлөлүк зордук-зомбулук боюнча адистердин пикирлери айтылып, анын алдын алуу менен гендердик жана жарандык тең укуктуулукту камсыздоо багытындагы бир катар сунуш-пикирлер айтылды.

Депутат Рада Туманбаева өлкөдөгү аялдардын 58 пайызы, жаш балдардын 18 пайызы, кары-картаңдардын 15 пайызы, эркектердин 7 пайызы үй-бүлөлүк зордук-зомбулукка кабыларын билдирди.

Ош шаарындагы “Аялзат” коомдук уюмунун жетекчиси Наргиза Эштаеванын айтымында, зордук-зомбулуктан жабыркагандардын көпчүлүгү кризистик борборлорго кайрылышат. Тагыраагы, 2015-жылдын статистикасы боюнча, Ички иштер министрлигине кордук көргөн 3524 аял кайрылса, республикадагы саламаттыкты сактоо мекемелерине 5661 зордук-зомбулук фактысы катталган. Ал эми кризистик борборлорго 2015-жылы 8458 аял жардам сурап келген.

"Жакында эле Жогорку Кеңештеги 2-окуудан өткөн үй-бүлөлүк зордук-зомбулукка каршы кризистик борборлорду каржылык колдоо багытындагы мыйзам долбоорунун зарылчылыгы коомдук угуу учурунда дагы бир жолу белгиленди. Тагыраагы, аталган мыйзам кабыл алынып калса, кризистик борборлорду колдоо үчүн мамлекеттик бюджеттен жыл сайын 25 миллион сом бөлүнүшү керек", - деп айтылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
06.02.2017. 12:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
erkekterge ne sosedderi zombuluk korsoto beken
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: