Нарын шаарынын тургундары электр жарыгы жана көмүр маселесине байланыштуу митингге чыгышты
Нарын облусунун тургундарынын кайрылуусу.
Нарын шаарынын тургундары бүгүн, 6-февралда электр жарыгынын лимитин көбөйтүү жана көмүр маселесине байланыштуу митингге чыгышты. Маалыматты Нарын облустук администрациясынын басма сөз кызматынан ырасташты.
Маалыматка караганда, Нарын облусунун жашоочулары октябрь-апрель айларында электр энергиясына 1000 кВт/саатка чейин 77 тыйындан төлөшөт. Митингчилер ушул лимитти кыш айларында 2000 кВт/саатка көтөрүүнү талап кылышты. Учурда нааразылык акциясына чыккандар менен облустун жетекчиси Аманбай Кайыпов жолугушуу өткөрүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:08
2025-11-23
16:50
2025-11-23
16:19
2025-11-23
12:30
2025-11-23
11:10
2025-11-23
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















