super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Жазда оңдолчу жолду эмнеге кышында казып салганын министрлик түшүндүрүп бере албай жатат

 

Бишкек-Кара-Балта трассасынын Новопавловка айыл аймагынан өтчү бөлүгү жазга чейин оңдолбойт. Транспорт жана жол министрлиги бүгүн, 6-февралда SUPER.KG порталына билдиргендей, кыш мезгилинде жол тешиктерин жамоо иштерин жүргүзүүгө болбойт. Техникалык талаптар кышында жол курууга жол бербеси анык. Бирок жазында оңдоло турган жолду эмне үчүн кышында казып салышты? Суроого министрликтен жооп алууга мүмкүн болгон жок.

Бишкек-Кара-Балта трассасынын Новопавловка айыл аймагынан өтчү бөлүгү оңдоп-жамоо иштерин жүргүзүү үчүн 2016-жылдын декабрь айында казылган эле. Ошондон бери жамала элек. Казылган чуңкурлар айдоочуларга ыңгайсыздык жаратып, унаа тыгындары жаралууда. Жолдун казылган аймагынан жүрүүгө дээрлик мүмкүн болбогондуктан айдоочулар унааларын каршы тилкеде айдоого аргасыз. Бул адам өмүрүнө да коркунуч жаратарын айдоочулар өздөрү моюнга алып жатышат. Бүтүн жолду талкалап, 2 айдан бери жамабай жаткан министрлик жол жүрүүчүлөргө атайын түшүндүрмө берген жок.

Белгилей кетсек, Бишкек-Кара-Балта трассасы стратегиялык маанидеги жол. Бишкек-Ош трассасынын бир бөлүгү.

Сүрөттөр 2017-жылдын 10-январында тартылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(6)
06.02.2017. 13:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Тушуно ушул жолдор кирген окшойт министрдин. Эртеси тура калып эле барып казып салды да. Анан кантип айтсын тушумдо коркунучтуу туш кордум деп. Же кыларга иши жок булардын.
06.02.2017. 13:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Ошол жерде авария же бир нерсе болсо министрлик жооп бериш керек!!!
06.02.2017. 14:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
tyka, бул жерде авария коп болот....
06.02.2017. 13:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Жазга чейин дагы бир ай чыдап туралычы. Анан коробуз.
06.02.2017. 14:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ала тоо конушуна кетчу жерди кудай сактасын....ал жерден отоордо опко журогун узулуп кетет
07.02.2017. 00:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Биздин Караколдун Токтогул,,Пржевальск кочолорун да корушпой койду болгондо да чон-чон кочолору шаардын ушулар...тешилген жерлер суроттогудон да жаман...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: