Өлкө аймагында ажылык сапарга чыгуучуларды каттоо иштери башталды
Өлкө аймагында ажылык сапарга чыгуучуларды каттоо иштери башталды. Бул тууралуу бүгүн, 6-февралда SUPER.KG порталына муфтияттын ажы умра жана эл аралык байланыштар бөлүмүнүн башчысы Жолдошбек Абдылдаев билдирди.
"Бүгүн республикадагы облустук казыяттарда жана шаардык, райондук мечиттерде ажылык сапарга баруучуларды каттоо башталды. 2017-жылы Кыргыз өлкөсүнө 4585 адамга квота берилди. Бул көрсөткүч өткөн жылга салыштырмалуу 900 адамга көп. Каттоо иштери 6-мартка чейин жүргүзүлөт. Эгерде квота толбой калса, каттоонун мөөнөтү узартылат", - деп билдирди Абдылдаев.
Маалыматка ылайык, ажылык сапарга зыярат кылуучулар 2017-жылдын 5-августунан тарта жөнөшөт. Ага чейин каттоодон өткөндөргө түшүндүрүү иштери жана аларды эмдөө жүргүзүлөт.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:08
2025-11-23
16:50
2025-11-23
16:19
2025-11-23
12:30
2025-11-23
11:10
2025-11-23
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(2)
kyrgyz_girl
06.02.2017. 15:33
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бир адамга канча кетет барып келиши супер билип бергилечи мумкун болсо
Umka636589
07.02.2017. 01:13
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Биз 2013жылы жолдошум экообуз 2500дон 5000$га барып келгенбиз, анда доллардын курсу 48ден болсо керек эле,
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















