super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Нарында чогулган элдин талаптарын 2018-2021-жылдарга түзүлчү планга киргизүү сунушталат

 

Бүгүн, 6-февралда Нарында чогулган элдин талаптарын 2018-2021-жылдарга түзүлчү планга киргизүү каралат. Бул тууралуу өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз катчысы Айнура Дүйшөк кызы SUPER.KG порталына билдирди.

Катчынын айтымында, чогулгандардын саны 15 адам болсо, калгандары атайын кызматтардын, укук коргоо органдарынын кызматкерлери болгон. Алар менен облус башчы Аманбай Кайыпов мэриянын имаратында жолугуп, сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн.

Нарын шаарынын тургундарынын атынан КРнын Өкмөтүнө караштуу Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча мамлекеттик комитетине ушундай эле талаптар менен кат жөнөтүлүп, жооп 1-февралда келгени маалым болду.

"Төлөмдөр КРнын 2014-2017-жылдарга карата электр жана жылуулук энергиясы орто мөөнөт саясатын бекитүү жөнүндө токтомуна ылайык бекитилген. Электр энергияга болгон тарифтерди 2017-жылдын аягына чейин өзгөртүүгө мүмкүн эмес. Андыктан жеңилдетилген төлөмдүн ченеми боюнча арызды эске алып, 2018-2021-жылдарга карата электр жана жылуулук энергиясын орто мөөнөттү саясатын бекитүүдө сунуштала турганын маалымдайт", - деп жазылган комитеттин жообунда.

Белгилей кетсек, Нарын шаарынын катаал климатына карата каралган жеңилдик боюнча, октябрь айынан апрель айына чейин 1000 киловаттка чейин ар бир киловатт үчүн 0,77 сомдон төлөшөт.

Ал эми көмүрдүн баасы Нарын шаардык мэриясы менен сатуучулардын ортосунда түзүлгөн келишим боюнча кампаларда 3500 сомдон кымбат сатылбашы керектигин билдирди Айнура Дүйшөк кызы.

"Көмүр сатуучулар лицензияны мамлекеттик мекемеден алышат жана сатуучулардын ишмердүүлүгүн алар көзөмөлдөшөт. Бүгүнкү күндө Нарындагы мамлекеттик ишканалар көмүр менен камсыз болушкан. Калкты көмүр менен камсыз кылуу үчүн мэрия жеке ишкерлер менен келишим түзүп, баасын 3500 сомдон кымбат кылбай сатышууда. Келишим түзбөгөн жеке ишкерлер көмүрдүн баасын көтөрүп жатышы мүмкүн. Көмүрдүн баасын төмөндөтүүгө ишкерлер макул болушабы же жокпу белгисиз", - деди А.Дүйшөк кызы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
06.02.2017. 14:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Башка аймакта э мне жыл бою жайбы??? Бизде деле кыш катаал,комур 5000-5500 сом
06.02.2017. 15:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Izdeim_seni.,сен кайсыл жердесин бизде 6 ай кыш нарында и комур озубуздон чыгат ошон учун 3500 3800сом
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: