super.kg logo

"Ак-Тилек унаа жолу" көзөмөл-өткөрүү жайынын мурдагы башчысы: "Казакстандан күйүүчү майды мыйзамсыз ташып келе жаткандарды кармагандан кийин кызматтан алындым"

 
26-январь күнү кармалган аткезчилик жүк.
26-январь күнү кармалган аткезчилик жүк.
26-январь күнү кармалган аткезчилик жүк.
26-январь күнү кармалган аткезчилик жүк.

Мамлекеттик чек ара кызматынын "Ак-Тилек унаа жолу" көзөмөл-өткөрүү жайынын мурдагы башчысы Талгат Аланов кызматтан негизсиз алынганын айтып, бүгүн, 8-февралда маалымат жыйын өткөрдү.

Анын айтымында, кызматтан алынышына айрым адамдар кызыкдар.

"2016-жылдын ноябрь айынан 2017-жылдын 26-январына чейин "Ак-Тилек унаа жолу" көзөмөл-өткөрүү жайынын башчысы кызматында иштедим. Ошол убакта мыйзамсыз күйүүчү май ташуу боюнча 4 факт аныкталды. 26-январь күнү Казакстандан 28 тонна күйүүчү май мыйзамсыз ташылып келе жаткан жеринен кармалган. Оор жүк ташуучу унаада цемент бар делген менен, ичинде күйүүчү май болгон. Бирок мен эмнегедир ошондон кийин кызматтан алындым. Мамлекеттик чек ара кызматынын Ички коопсуздук кызматынын башчысы Асылбеков чакырып алып "Постко жатып алып иштеп жатыпсың го, жүктөргө аралаша бербе. Сенин негизги милдетиң - чек арадан мыйзамсыз өткөн адамдарды кармоо" деди. Адилетсиз болуп жатканын айтып, төрага Касымкуловго бардым, ал кабыл албай койду. Текшерип кылмыш ишин козготобуз дешет. Текшерсин, 35 жашка келдим, туруктуу жашаган үйүм, айдап жүргөн автоунаам жок. Ушул убакка чейин батирде жашап келдим", - дейт Аланов.






Чек арада контрабандалык жүк кармалды

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(4)
08.02.2017. 15:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кыргызстанда салыкты карапайым эл эле толойт, калган чириген байлар салык эмне экенин билишпейт, анан эле ошол карапайым элден топтолгон салыктын эсебинен биздин чондор жеп кутуруп жатышпайбы, айта берсен соз коп, негизи бизде качан адилеттулук пайда болот, 52 жолу самолет менен келген жуктон канча салык тушмок, ал салыктын ордуна АШАнын Кой-Таштагы уйу бутуп жатпайбы, мындай корунуш ар бир чиновникте болот
08.02.2017. 16:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Акыйкат бизде озу туп тамыры менен жок. Таза иштесен ишсиз каласын. Айта берсе соз коп.
Медиа-портал
09.02.2017. 01:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул каяктан чыккан груз?
09.02.2017. 08:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ак ийилет,бирок сынбайт.
Олбогон кулга жаз келер дегендей бизге да ыймандуу,акыйкатты тушунгон адамдар бийлике келип калар.азыр болбосо да биздин бала-чакабыздын убагында дегендей.ошого азыркы муун Кудайдан коркуп ,адилеттуу болгонго уйронолу келечек балдарыбыз учун жакшы жашоо тузгонго.
Улуу муун бутту атеист болушуп,корбогондун коргону курусун болуп коррупцияга белчесинен батышып.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: