Ош шаарында Жеңиш күнүн белгилөөгө даярдык башталды
29-апрелде Ош шаардык мэриясында 9-Май - Жеңиш күнүнүн 68 жылдыгына карата майрамдык иш-чараларды уюштурууга арналган жыйын болуп өттү. Анда аталган майрамды белгилөөгө байланыштуу бир катар маселелер чечилгенин жана иш-чараны уюштурууга 344 миң сом бөлүнгөнүн мэриянын басма сөз кызматы билдирет. Жылдагыдай эле 9-Май майрамы шаардын борбордук аянтында белгиленет. Анда ардагерлердин, күч түзүмдөрүнүн, мекеме, ишканалардын, студенттердин катышуусунда аскердик парад болору күтүлүүдө. Өчпөс отко гүл коюлуп, ардагерлерге аскердик ботко берүү иш-чарасы да орун алат.
Автор: Автандил Добулбеков
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
22:54
2025-11-18
22:40
2025-11-18
15:55
2025-11-18
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















