ЖЫЛНААМА, 13-ФЕВРАЛЬ: 83 жыл мурун Чукотск деңизинде советтик кеме музга кысылып, чөгүп кеткен
Мындан 83 жыл мурун, 1934-жылы 13-февралда Чукотск деңизинде атактуу советтик "Челюскин" кемеси музга кысылып талкаланып, 2 сааттын ичинде сууга чөгүп кеткен. Кемедеги 104 кишинин баары муз үстүндө калып, 2 айдан кийин, 13-апрелде куткарылган. Аталган кеме 1933-жылы 2-августта бортундагы 112 адам менен Мурмансктан Владивостокко жолго чыккан. Ал чөгүп жатканда адамдар кеменин ичинен кыш, такталарды алып чыгып, чакан үй куруп алышкан. Ага чейин 8 киши ар кандай себептер менен Челюскин кысыгында калышкан.
13-февралга карата жылнаама
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:26
2025-11-21
19:04
2025-11-21
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















