super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Базар-Коргон. Акман айылдык кеңешинин депутаттары Текебаевдин камалышы боюнча өлкө башчыга кайрылуу жасашты

 

Жалал-Абад облусуна караштуу Базар-Коргон районунун Акман айылдык кеңешинин депутаттары Өмүрбек Текебаевдин камакка алынышына нааразычылык билдирип, президент Алмазбек Атамбаевге кайрылуу жасашты. Бул тууралуу бүгүн, 2-мартта SUPER.KG порталына айылдык кеңештин төрагасы Курманбек Топуев билдирди.

"Биз Жогорку кеңештин депутаты Текебаевдин камалышына нааразычылык билдирип, Атамбаевге, Жогорку кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбековго расмий кайрылуу жасадык. Кайрылууга жергиликтүү 17 депутат кол койгон. Биз элдин өкүлдөрүбүз, демек, бүтүндөй Акман айылынын элинин атынан кайрылуу жасап жатабыз. Өлкө башчыга "Ата Мекен" партиясынын лидерин абактан бошотуу маселеси айтылды", - деп билдирди Топуев .

"Биз, Акман эли Текебаевдин мыйзамсыз аракетине ишенбейбиз, сот аркылуу акталарына ишенебиз. Анын баш коргоо чарасын өзгөртүүгө мыйзам жол берет. Депутатты аэропорттон кармап, камап коюшканына нааразычылык билдиребиз", - деп жазылат кайрылууда.

Эске салсак, Базар-Коргон районунун эли 26-февралдан тартып митинг өткөрүп, нааразычылык билдирип келишет. Буга чейин айыл тургундары Ош-Бишкек жолун тосуу аракетин көрүп, жол боюна боз үй тигишкен.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -4 
Комментарийлер(5)
02.03.2017. 11:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Кайрылуудагы ажообуздун Аты жону туура эмес жазылыптыр. Айланайын акман айылынын депутаттары туура жазганды уйронгулочу сураныч.Кайрылуу жазгандан кийин катасын текшерип анан жоноткуло.
02.03.2017. 11:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Makain,сенде деле ката бар,ажообуздун эмес ажобуздун.
02.03.2017. 15:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен жонокой адам депутат ката кетирип жатпайбы президентибиздин фамилясын жазалбагандан кийин мандатын тапшырып кетип калсында.
02.03.2017. 16:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
негиз жакшы иштесин таза жана так
03.03.2017. 14:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Туура так иштесе жакшы болот.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: