super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Депутаттар Бишкек-Ош жолунун абалына нааразы

 

Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Бакиров өкмөттү Бишкек-Ош трассасын тезинен оңдоого чакырды. Депутат 2-мартта парламент жыйынында өкмөттүн парламенттеги өкүлү Ашырбек Темирбаевге сунуш айтты:

"Дем алыш күнү премьер-министрди кошуп алып Бишкектен чыккандан кийинки Сокулук деген жазуудан ары жүз метр жылып көрүңүз. Жолдун абалы кандай экенин көрөсүңөр. Жол жүрүү мүмкүн болбой калды, айдоочулардын унаалары талкаланып жатат. Бишкек-Кара-Балта трассасын оңдоо боюнча келишим 2014-жылы эле бүткөн. Акчанын булагы аныкталган. Келишим 180 күндөн кийин күчүнө кирет, аткарылбаса тийиштүү тарап жоопкерчилик тартат деп турат. Эмнеге иш башталбай жатат? Акча кайда, башка иштерге жумшалып кеткен жокпу? Буга тез арада көңүл бурууга чакырам. Башка жолдордун абалын айтпай эле коёюн".

Белгилей кетсек, аталган трассанын абалын SUPER.KG порталы бир нече жолу жазган. Тийиштүү министрликтен түзүгүрөөк жооп бере албай жатат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: