super.kg logo
  Спорт  

Чемпиондор Лигасы: “Барселона” “ПСЖга” 6 гол киргизди, дортмунддук “Боруссия” “Бенфиканы” жеңди

 

Чемпиондор Лигасынын жарым чейрек финалынын жооптук беттештери Барселона жана Дортмунд шаарларында уланды. “Барселона” өз үйүндө “ПСЖга” 6 гол киргизсе, дортмунддук “Боруссия” “Бенфикага” жоопсуз 4 гол киргизди.

"Барселона" (Испания) - "ПСЖ" (Франция) – 6:1

Голдор: Суарес (3-мүнөттө), Кюрзава өз дарбазасына (40-мүнөттө), Месси (50-мүнөттө), Неймар (88-мүнөттө, 90-мүнөттө), Роберто (90+5-мүнөттө) – Кавани (62-мүнөттө)

Биринчи беттештин жыйынтыгы - 0:4

4 гол айырмачылык менен жеңилген “Барселона” өз үйүндө болгон күчүн көрсөттү. Месси-Суарес-Неймар үчилтиги париждик клубдун коргоочуларынын айласын алгачкы мүнөттөрдөн тарта эле кетирип баштады. Коргонууга өткөн “ПСЖ” контр чабуулдарын уюштура албай убара тартып жатты. Жыйынтыгында эсеп 50-мүнөттө 3:0 санына жетти. Бирок Эдинсон Кавани 62-мүнөттө айырмаланып, эми каталондуктар чейрек финалга чыгуусу үчүн дагы 3 гол киргизүүсү керек болду. Бул жолу Неймар оюндун тизгинин колуна алды. Оюндун соңку мүнөттөрүндө “Барселона” көздөгөнүнө жетти. Барселонада майрам. Париж ыйга чөмүлдү.

"Боруссия Д" (Германия) - "Бенфика" (Португалия) – 4:0

Голдор: Обамеянг (4-мүнөттө, 61-мүнөттө, 85-мүнөттө), Пулишич (59-мүнөттө)

Биринчи беттештин жыйынтыгы - 0:1

Дортмунддук клуб өз үйүндө “Бенфикага” бир да мүмкүнчүлүк берген жок. Обамеянг Лиссабондо кетирген жаза басуулары үчүн күйөрмандарынын алдында жооп берди. Ал бул оюнда үч жолу айырмаланды. Арада Кристиан Пулишич 2-таймда гол киргизгенге жетишти. “Боруссия” өз үйүндө кайсы команда болбосун чабуулга ыктап ойной аларын көргөздү. Немис клубу чейрек финалга жолдомо алды.






Боруссия Д - Бенфика. Чемпиондор Лигасы

Барселона - ПСЖ. Чемпиондор Лигасы

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(59)
09.03.2017. 09:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Бардыгы барса учту псж алга деп жатышат эле барса каттуу ойноду
09.03.2017. 11:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Kojosh80,мадриддиктер ХХХ эми кече башты оорутуп жаткансынар...Фантастика болдубу быягы???блеее деген боюнча отурдунар ичинер ачышып,топ тоголооок ийгилик Барса)))
Модератор admin_portal түзөттү 2017-03-09 11:14:15
09.03.2017. 11:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
KaiMak, коомдук адепке туура келбеген билдирүүлөрдү калтырууга тыюу салынган. Эскертүү!
09.03.2017. 12:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
admin_portal,Майли
09.03.2017. 16:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
ошол учун реалчылар мындай ойлонуп суйлогуло...тантырай бербей
09.03.2017. 09:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Реалчыларга жаман болду
09.03.2017. 09:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Иии кана кечеки темада Барса женилишиге ишенем деп жаткандар???
09.03.2017. 09:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
эксперттер жок го барса чейрек финалга өтпөйт деген ))...барса эсин оодарды псж.нын өзүм дагы ишеналбай калдым ..
09.03.2017. 09:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Эмне дейбиз Барсанын фанаттарын куттуктайбыз, топ тоголок да, Неймардын пенальтиси калыстардын катасы болду окшойт, кантсе да жеңдиңер, майрамдагыла силерге ушул эле табылбай турган эле
09.03.2017. 09:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+15
Мындай толук жазсаңар;
"Калыстын орой катачылыгынан ПСЖ жеңилди" деп.)

Суарес симулянт экенин билбеген экем оо оскарга татыктуу актёр турбайбы.))

85-минутта Барсанын дарбазасына пенальти коюлуш керек эле аны Маскеранода айтып өттү "Ди Марияга каршы оюнду бузгам" деп.)

Тарых барактары жаңыланды. Кантип? 2009-жылдагы Барселона-Челси оюнунун 2*сериясы кайталанып.))
09.03.2017. 12:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
LEGENDA.,Оскарга Роналду татыктуу)) футболдогу эн башкы симулянт)))
09.03.2017. 12:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
LEGENDA.,Эң туура айттың.Барселона калыстын жардамы менен жеңди.
09.03.2017. 10:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ото кату оюн болду
09.03.2017. 10:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Барсага ишенебиз!!!
09.03.2017. 10:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Барсага ишенебиз!!!
09.03.2017. 10:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Jakshy oiun boldu.
09.03.2017. 10:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Барсанын кийинки оюндарыга ийгилик.Кечээки оюнда калыс(сары турк) розовый очки кийип алгандай канча ката кетти.сары кийимге красный карточка бериш керек
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: