Бакыт Төрөбаев: "Кыргыз-Орусия өнүгүү фонду элиталык бизнеске айланды"
"Кыргыз-Орусия өнүгүү фонду тар чөйрөгө иштеп, элиталык бизнеске айланды", - деп билдирди 16-мартта Жогорку Кеңеште "Өнүгүү-Прогерсс" фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев.
Ал билдиргендей, аталган фонддун акчасына ЕАЭБдин алкагында лабораториялар курулбай жатат.
"Фонддун акчасы колунда бар адамдарга эле иштеп калды. Мындай боло турган болсо экономикабыз өспөйт. Мисалы, Орусия 1 миллион тонна алмага муктаж экен. Эгерде биз 1 миллион тонна алма менен аларды камсыз кылсак, бюджетибизге 1 миллиард доллар түшмөк. Ошондуктан экспорт биздин негизги артыкчылыгыбыз болуш керек. Өлкөдө айыл чарбадан башка эч нерсе жок. Фонд каражатты ушул багытта иштетиши керек", - деди Төрөбаев.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:27
2025-11-23
Рейтинг:
2
2
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео

















