Бишкектеги "Ала-Тоо" аянты Нооруз майрамынан кийин түнкү саат 2ге чейин тазаланып, 30 метр куб таштанды чыгарылды
Бишкек шаарындагы "Ала-Тоо" аянтында Нооруз майрамы белгиленген соң аянттан жана анын тегерегиндеги аймактан 30 метр куб таштанды чыгарылды. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы кабарлады.
"Майрамга карабастан "Тазалык" муниципалдык ишканасынын кызматкерлери тазалоо иштерине саат 21:00дө чыгып, түнкү саат 2ге чейин иштешти. Шаарды тазалоо иштерине 60 кызматкер чыгып, 5 даана техника тартылып, 3 суу чачып жуучу унаа иштетилди", - деп айтылат мэриянын маалыматында.
Учурда кадимки иш тартипте Бишкек шаарын тазалоого "Тазалык" кызматкерлеринен тышкары жергиликтүү аймактык башкармалыктарынын кызматкерлери да чыгышканы белгилүү болду.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:08
2025-11-23
16:50
2025-11-23
16:19
2025-11-23
12:30
2025-11-23
11:10
2025-11-23
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(1)
Salman.eldar
22.03.2017. 11:15
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Азаматсынар! рахмат ушул тазалык жумужчуларына.
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















