super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Өзгөндө жер көчкүдөн жабыркагандарга чатырлар берилди

 

Өзгөн районунун Зергер айыл өкмөтүнүн Ничке-Сай айылындагы кооптуу жайда жашагандарга убактылуу баш калкалоо үчүн бүгүн, 27-мартта саат 02:45те 10 орундук 30 даана чатыр, 35 куту гигиеналык каражаттар, 20 меш бөлүнгөн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

"Учурда кооптуу тилкеде жашаган айылдыктарды көчүрүү маселеси каралып жатат. Кошумча дагы 20 куткаруучу тартылып, чатырларды орнотуп, жардам көрсөтүп жатышат", - деп жазылат маалыматта.

Эскерте кетсек, 26-мартта аталган айылда көлөмү 500 миң метр куб, узундугу 800, туурасы 120, бийиктиги 8 метрге жеткен жер көчкү жүрүп, 4 үйдү басып калган. Алардын биринде 6 адам бар экени маалым болгон. Жер көчкү токтобой жатканына байланыштуу издөө иштери убактылуу токтотулган.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, жер көчкүнүн астында калган Өмүрзак Эгемкулов 2 бөлмөлүү үйүн 1996-жылы атасы көчүрүлгөн жерге уруксатсыз салып алган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
27.03.2017. 14:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мыйзамсыз салып алды дегени өз жанын өзү кыйды деген менен барабарго. жоопкерчилик жок
27.03.2017. 14:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
чатырларды берип чон иш кылыпсынар эми ошол эрдигинерди КТРКдан саартан кечке ч-н корсотуп мактангыла.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: