super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Сузак районунда жер көчкү түшүү коркунучу бар аймактардан 540 адам коопсуз жайларга көчүрүлдү

 

Сузак районунда жер көчкү түшүү коркунучу жаралууда. Бул тууралуу бүгүн, 30-мартта SUPER.KG порталына Сузак районунун акими Абдимуктар Маматов билдирди.

"Сузак районунун Кыз-Көл, Кызыл-Туу, Көк-Арт, Таш-Булак айыл аймактарында жер көчкү түшүү коркунучтары жогору. Ал аймактардагы жашоочуларды коопсуз жайларга көчүрүү аракети көрүлүп жатат. Буга чейин Көк-Арт айыл аймагынан 17, Кыз-Көлдөн 19 адам, Кызыл-Туудан 300дөн ашуун адам көчүрүлдү. Бүгүнкү күнгө чейин жер жерлерден жалпысынан 540 адам коопсуз жайларга көчүрүлдү. Алдыда Таш-Булак айыл аймагынан дагы 30дай адамды коопсуз аймакка көчүрүү аракети көрүлөт", - деп билдирди район акими.

Маалыматка ылайык, 2017-жылдын жаз айларынан бери Сузак районунда орто жана аз көлөмдүү 20дай жер көчкү түшкөн.

Эске салсак, буга чейин район аймагында бир нече жолу жер көчкү түшүү коркунучу жаралганы айтылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: