super.kg logo
  Саясат  

Жактоочу Икрамидин Айткулов: "Жанар Акаевдин пара алганы боюнча далилдер бар"

 
Жанар Акаев
Икрамидин Айткулов

31-мартта Канжар Кадыралиевдин иши боюнча соттук отурум Бишкектеги Октябрь райондук сотунда өткөн. Анын жүрүшүндө К.Кадыралиев Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев журналист болуп иштеп жаткан мезгилде аны каралоо үчүн пара алгандыгын билдирген.

Анын жактоочусу Икрамидин Айткулов бүгүн, 3-апрелде SUPER.KG порталына "Ж.Акаевдин пара алганы боюнча далилдер иликтөөчү органга берилет", - деди.

"Кадыралиевдин билдирүүсү кылмыш ишинин негизинде текшерүүнү талап кылат деп ойлойм. Ал айткан сөздөрү далилденбесе, сотко туура эмес маалымат бергени үчүн жооп берем деди. Жанар Акаев боюнча материалдар тийиштүү тергөө органдарына берилет", - деди.

Жактоочу Кадыралиевдин аялы 2014-жылы пара алуу фактысы боюнча Ош шаардык прокуратурасына кайрылганын айтып: "Аялынын кайрылуусу өз учурунда текшерилген эмес. Азыр текшерүүгө убакыт келип жетти", - дейт Икрамидин Айткулов.

Соттун жүрүшүндө Канжар Кадыралиев: "Депутат Жанар Акаев "Азаттыкта" иштеп турганда менин үстүмдөн кара пиар кылыш үчүн 12 миң доллар акча алган. Аялына Лексус 470 беришкен. Кийин менин үй-бүлөмдөн 15 миң доллар талап кылган. Буга далил видео, сүрөттөр бар. Биздин тууганыбыз 7 миң доллар бергени видеого түшөт. Ошондон кийин Жанар Акаев менин артымдан түшпөй калат", - деп билдирген.

Башкы прокуратура 2014-жылдын 30-сентябрында, 14-ноябрында жана 5-декабрында Канжар Кадыралиевге карата “бейбаштык”, “өзүм билемдик” жана “зомбулук көрсөтүү менен талап кылуу” беренелери боюнча кылмыш ишин козгоп, ээлеген кызматынан бошоткон.

Андан соң Ош шаардык соту аны камакка алуу чечимин чыгарып, издөө жарыялаган. 2015-жылдын 26-мартында Кадыралиев Башкы прокуратурага өз эрки менен келген, андан кийин ден соолугуна байланыштуу ооруканага жаткырылганы жарыяланган. Жогорку Сот 2016-жылы 27-январда К.Кадыралиевди үй камагында кармоо боюнча райондук соттун чечимин күчүндө калтырган.






Канжар Кадыралиев: "Жанар Акаев менин туугандарымдан пара алган"

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -11 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: