Кыргыз Республикасын Туруктуу өнүктүрүү боюнча улуттук стратегиясынын жыйынтыктары
Президент Алмазбек Атамбаевдин төрагалыгы алдында 3-апрелде Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин жыйыны өттү.
Кыргыз Республикасын 2013-2017-жылдары туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясынын алкагында Мамлекеттик бюджеттин көлөмү 2,3 эсеге өскөн. Көрсөткүч 2009-жылы 55,4 миллиард сом болсо, 2016-жылы 130,6 миллиард сом болгон. Ал эми Салык кирешелери 2009-жылы 30,3 миллиард сом болсо, 2016-жылы 88,4 миллиард сом болгон.
Стратегиянын негизинде өлкөнүн тышкы саясаты жөнгө салынган. Алсак, 2000-2005-жылдары Кыргыз жерине башка өлкөнүн 10 президенти келсе, 2005-2010-жылдары - 16 президент келген. Апрель окуясы орун алган мезгилден тартып 2011-жылга чейин Кыргыз өлкөсүнө эч бир мамлекеттин президенти иш сапары менен келген эмес. Ал эми 2011-2016-жылдары 29 президент келген.
Өлкө аймагында жолдор оңдолуп, "Түндүк-түштүк" альтернативдик унаа жолу салынууда. Жалпысынан 2012-жылдан бери 2 609,9 чакырым унаа жол оңдолду.
Ошондой эле коррупция менен күрөшүү активдүү жүрүп, акыркы беш жыл аралыгында кызматтык жана экономикалык кылмыштар боюнча 6 915 кылмыш иши козголду. Мамлекетке келтирилген зыяндын орду толтурулуп, бюджетке 7 миллард 697 миллион 800 миң сом түштү.
Мындан сырткары Куралдуу күчтөрдө реформа жүргүзүлүп, Башкы штаб түзүлдү. Аскерге чакырылгандардын курамы жакшыртылып, аскер кызматкерлерине турак жайлар берилди.
230 мектеп курулуп, 351 бала бакча ачылды. Жеке менчикке өтүп кеткен 198 мектепке чейин билим берүү мекемеси мамлекетке кайтарылды.
2009-жылы айлык маяна орто эсеп менен 6161 сом болсо, 2016-жылы 14 017 сом болуп, көрсөткүч дээрлик 2,2 эсеге өстү. 2010-жылы мугалимдердин эмгек акысы айына 3 565 сом болсо, 2016-жылы 13 824 сом болгон. Көрсөткүч төрт эсеге өскөн.
Мугалимдердин айлык маянасынын өсүшү
2012-2016-жылдарда саламаттыкты сактоо тармагына чыгымдардын көлөмү өскөн. Айтсак, 2012-жылы бул жаатка 10,2 миллиард сом бөлүнсө, 2016-жылы 14,8 миллиард сом багытталган. Маданият тармагына 2012-жылы 1,7 миллиард сом бөлүнсө, 2016-жылы 5,4 миллиард сом каралган. Билим берүү тармагына 2012-жылы 19,3 миллиард сом, 2016-жылы 31,9 миллиард сом бөлүнгөн.
Төмөндө 2012-2016-жылдарда Республикалык бюджеттен социалдык тармактарга бөлүнгөн каражаттардын статистикасын көрө аласыздар.
Билим берүү (миллиард сом менен)
Саламаттыкты сактоо (миллиард сом менен)
Социалдык коргоо (миллиард сом менен)
Маданият (миллиард сом менен)
Өлкөдөгү жагдай кандай?
Эл аралык компаниянын изилдөөсүнө караганда бүгүнкү күндө Кыргыз жеринин жашоочуларынын 68 пайызы беш жыл мурун тандалган жол туура деп эсептешет. Калктын дээрлик 100 пайызы өлкөнүн саясий келечегине оптимисттик көз карашта. Калктын кооптонуулары 2013-жылы өлкөнүн келечеги, төңкөрүштөр жогору пайызда болсо, 2016-жылы туруксуздук, экономикалык өнүгүү аз пайызда болду. Мамлекет этникалык жактарга карабай жарандарын коргой алары көрүнүп турат.
Кыргыз Республикасын Туруктуу өнүктүрүү боюнча улуттук стратегия

