1-майдан тарта "Азаттыкты" Айзада Касмалиева жетектейт
1-майдан тарта "Азаттык" радиосунун Бишкектеги кеңсесин Айзада Касмалиева жетектейт. Тиешелүү чечимди "Азаттык" радиосунун жетекчилиги кабыл алган. Аталган мекеменин маалыматына караганда 2013-жылдан бери "Азаттыкты" жетектеп келген Султан Каназаров өз ыктыяры менен кызматтан кеткен.
Айта кетсек, Айзада Касмалиева 2004-жылдан бери журналистика тармагында иштейт. Алгач радиодо, андан соң "Ала-Тоо" маалымат программасында кабарчы, жаңылыктардын алып баруучусу жана редактору болуп иштеген.
2008-жылы "Азаттыктын" жамаатына кошулуп, 2010-жылдан тарта "Ыңгайсыз суроолор" телеберүүсүн алып барып келет.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:08
2025-11-23
16:50
2025-11-23
16:19
2025-11-23
12:30
2025-11-23
11:10
2025-11-23
Рейтинг:
0
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















Айзаданын СДПК га кандай тийешси бар?
Ал Азаттыктын журналисти болсо?
Мындай башты иштеткилечи!