Депутат Каныбек Осмоналиев Грузияда өткөн эл аралык конференцияда баяндама жасады
Бүгүн ЖКнын депутаты Каныбек Осмоналиев Грузиянын Тбилиси шаарында өтүп жаткан «Илимий изилдөөлөр жана 2007-2014-жылдарга Европа Биримдигин технологиялык өнүктүрүү» долбоору боюнча уюштурулган эл аралык конференцияда баяндама жасады. Каныбек Осмоналиев "Борбордук Азия жана Европа Биримдиги өлкөлөрүнүн социалдык маселелерди чечүү жаатындагы кызматташтыгы: артыкчылыктар, саясатчылардын өз ара байланышы, илим жана билим" баяндамасы менен чыгып сүйлөп, бул конференция саясатчылар, башка кызыкдар тараптардын ортосундагы мамилелерди тереңдетүүгө шарт түзөрүн белгиледи. Конференциянын негизги артыкчылыктары – климаттын өзгөрүүсү, саламаттык сактоо жана энергетика маселелери болду.
Автор: Автандил Добулбеков
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
22:54
2025-11-18
22:40
2025-11-18
15:55
2025-11-18
9:35
2025-11-18
8:59
2025-11-18
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео















