super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

СУПЕРСТАН: "Баарыңар эле түз басат экенсиңер, коомго мага окшоп талтактап баскандар да керек..."

 

SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Басык" деген тема талкууга алынууда.

Темадагы билдирүүлөрдөн:

"Бара турган жеримде бир нерсе даярдап, бышырып койгонсуп чоң-чоң аттап басам. Бирок мага майда баскандар жагат, негедир башкача көрүнүшөт. Такыр эле андай басканды үйрөнө албай койдум".

"Шашып баспайм, жай да баспайм, бирок жете турган жериме тез жетип барганга аракет кылам. Аялым жанымда басса калып кала берет, акырын басыңыз дей берет, мен аны тез-тез бассаң деп коюп кете берем".

"Басышымча басам, болбосо калып калам. Жанагы колтугуна анан буттарына кирпич коюп алышкансып балдар басышат го, ошол эч жакпайт, жөн эле басышса, кирпичи жок эле".

"Түз, чоң-чоң кадам таштап басам. Иштен чогуу алып кеткен эки жөжө бар. Мени менен басканда чуркап басышат. Бутум узун болгону үчүн чоң кадам таштайм. Басышыма келсек, түз басууга аракет кылам. Колдор анча көтөрүлбөйт. Буттар ача таяктай ачылбайт. Бир жерге баргам, ал жерде басканды да үйрөтүшкөн".

"Мен эркекке окшоп басам, эк, муштумумду эмнегедир дайыма түйүп жүрөм басып баратканда. "Кичине кыздай болуп керилсең боло" деп классташтарым шылдыңдай беришчү".

"Жеңил басканды жактырам, жерде өчү бардай талп-талп баскандарды жактырбайм. Аяш атам бар, буттарын эки тарапка каратып басат, кичинебизде туурай берчүбүз, өрдөк басыш деп коёт элек".

"Бийик така менен эч шашып баса албайм, бутум калып эле башым кетип калат. Ошондуктан көбүнчө жапыз бут кийим кийип, тез жана майда кадам менен басам".

"Апам менен чогуу бир жерге барып калдык, ал мени колтуктап алган. Бир маалда ушундай жини келип кетти окшойт "мени сүйрөп бассаң, сен мени тартпай эле, мен сени түртүп бара жатам" дегенинен жай басат экенмин деп калдым".

Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: