Исфана-Сүлүктү унаа жолу бир тарапка ачылды
Исфана-Сүлүктү унаа жолу бир тарапка ачылды. Бул тууралуу бүгүн, 13-апрелде Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда 9-апрелде саат 10:55 чамасында №13-жол тейлөө ишканасынын балансындагы Исфана-Сүлүктү унаа жолунун 14-чакырымында көлөмү болжол менен 10 миң метр куб жер көчкү түшүп, унаа жолду жаап калган. Адам өмүрүнө зыян келтирилген эмес.
"Тазалоо иштерине Кытайдын “Синьдзян бейсин” жол куруучу компаниясынан 3 экскаватор, 2 жүктөгүч тартылып, 12-апрель күнү жер көчкү коркунучу бар жерлерди сүрүп түшүрүү жана көчкүнү тазалоо иштери жүргүзүлгөн. 13-апрелде саат 01:30да жол каттамы бир тарапка ачылды. Тазалоо иштери улантылууда", - деп айтылат ӨКМнын маалыматында.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:08
2025-11-23
16:50
2025-11-23
16:19
2025-11-23
12:30
2025-11-23
11:10
2025-11-23
Рейтинг:
1
1
Комментарийлер(2)
suluktinskiy
13.04.2017. 09:39
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аа жакшы кылыпсынар жолду ачып
KGstan1981
13.04.2017. 09:48
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кой-Ташта 5 млн долларлык хан-сарайларды сала эрбей кичине жолдорго дагын конул буруп койсонуздар б-т.Кок-Жардагы копуро(Ош-Баткен-Исфана трассасы) адашпасам 6 ай болду ондолбой жабылып турганына.Жолдордогу ямаларга болсо эптеп эле колчокторун кургатпай эле асфальт куйуп жатышат.Уят Атамбаевке!Уяят пр. министерге!
KGstan1981 түзөттү 2017-04-13 09:49:57
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















